10 январь 2025

Кароолор: 7

ДЕНИ САКТЫН КӨҢҮЛҮ КУУНАК: КАЛК САЛАМАТТЫГЫНА КАМ КӨРҮҮ АРАКЕТТЕРИ

Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо, кызамык, гепатит, кургак учук ооруларынын алдын алуу максатында жолугушуу жыйын өттү.

Ага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова, район акимдеринин орун басарлары, Талас райондук ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Иш-чарада Талас обулусунун аймагында 2024-жылдын ичинде Сасык тумоо жана өткүр респиратордук вирустук инфекция ооруларына каршы жүргүзүлгөн иш аракеттер боюнча баяндама жасалды. Андан соң курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо, кызамык, гепатит, кургак учук ооруларынын облус боюнча учурдагы көрсөткүчтөрү айтылып, алдын алуу чаралары талкууланды.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Кытайда айрыкча балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу аталган вирус боюнча кеңири маалыматтар берилип, алдын алуу боюнча кеп-кеңештер айтылды. Буга кошумча эмдөө албаган балдарда жана чоңдордо кездешүүчү кызамык, сарык, кургак учук оорларынын татаалдашуулары (осложнениялары) жана облус боюнча бүгүнкү күндөгү статистикалык көрсөткүчү тууралуу маалыматтар берилип, эмдөө алуу ыкмасы менен гана оорулардын алдын алса болору айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.