08 май 2025

Кароолор: 2

Чолпонбай айылында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги ачылды

Бүгүн, 2025-жылдын 8-майында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Айтматов районунун Чолпонбай айылында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө каарман баатырдын эрдиги эскерилип, анын Улуу Ата Мекендик согуштагы салымы жаш муундарга үлгү катары көрсөтүлдү.

Эстелик — тарыхты унутпай, эл эсинде сактоо максатында тургузулуп, бул күн Чолпонбай айылы үчүн тарыхый мааниге ээ болду.