17 апрель 2024

Кароолор: 1

Бүгүн Таласка иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев келди.

Алгач Талас медициналык колледжинин эмгек жамааты, студенттери менен жолугушуп, депутат окуу жайга интерактив панелин, 4 даана компьютер , 2 даана принтер белекке тапшырды.

Андан соң облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова Алымкадыр Бейшеналиев, Марат Мураталиевге Талас облустук медицина борборунун биринчи кабатындагы жана жер төлөсүндөгү ремонтко муктаж бөлмөлөрдү көрсөтүп, эгер акча каражаты бөлүнсө бул жерге иш бөлмөлөрүн, тубаса майыптуулугу бар балдарды реаблитациялоо борборун ачуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ал эми бул мекеменин электр чубалгыларын оңдоп түзөө үчүн Талас шаарынын мэриясынан беш жарым миллион сом которулуп берилиши күтүлүүдө деп билдирди аталган мекеменин жетекчиси Нургүл Момбекова.

Ал эми министрдин врачтар менен жолугушуусу А.Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйын залында өткөрүлдү. Жолугушууда жаш врачтардын депозит маселеси, дарыгерлер үчүн салынган турак жайлардын жоктугу туралуу көйгөйлөр айтылды.

Министрдин сапары андан ары уланып, Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасында, Бакай-Ата районундагы жаңы салынып жаткан ооруканада, Айтматов районундагы биргелешкен райондук ооруканада болуп, мамлекеттик “Эл –Аман” аптекаларынын абалы, ремонт зарыл керек болгон медициналык мекемелерди жеринде көрүп чыкты.