26 апрель 2024

Кароолор: 2

Бүгүн Талас шаарынын борбордук паркында Чернобыль апааты эскерилди.

Эскерүү иш-чарасына облус жетекчиси Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэринин орун басары Эркин Аскаров, Чернобыль апаатынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары, мекеме-уюм жетекчилери, коомчулук катышты.

Эскерүү иш-чарасында Чернобыль апаатынын курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Облус башчысы Нурлан Дарданов өз сөзүндө апаатка учураган аймактын кесепеттерин жоюуда ден-соолугуна кооптуулук жаралганына карабай боордоштук милдеттерин аткарышкан Чернобыль авариясынын катышуучуларынын эрдигин баса белгилеп, аларга бекем ден соолук, узак ѳмүр каалады.

Эске сала кетсек 1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Припять шаарына жакын жайгашкан атомдук электр станциясынын 4-энергия блогунда техникалык жарылуу болгон. Атомдук радияцияга ууланган аймактын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан миңдеген адамдар тартылган.

Аталган кайгылуу окуянын 38 жылдыгынын алкагында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен 5 жаранга 8 миң сомдон жөлөк пул берилди.