09 май 2024

Кароолор: 14

Бүгүн Талас шаарынын борбордук паркында 9-Май

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы уюштурулду. Иш чарага облус жетекчиси Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын комиссары Урмат Арыкбаев, мекеме-уюм жетекчилери жана кызматкерлери, Афган согушунун, Аскер-деңиз флотунун ардагерлери, коомчулук катышты.

Эскерүү иш чарасында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган Талас шаарынын борбордук паркындагы эстеликке гүл чамбарлары коюлуп, курман болгон баатырларга багышталып куран окулуп, аскердик залп атылды. Ошондой эле ата-журттун келечеги, элдин эркиндиги үчүн фашисттик баскынчыларга каршы туруудагы ата-бабалардын өлбөс, өчпөс эрдиктери эскерилди.

Өз сөзүндө облус жетекчиси Нурлан Дарданов жалпы журтту Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, бүгүнкү бейпил турмуш үчүн ата-бабаларыбыз согуш майданында жан аябай салгылашып эрдик көрсөтсө, ата журтта калгандары кыйынчылыкка карабай оорукта эбегейсиз эмгек кылышканын баса белгилеп, алардын эрдиктери жана элестери эч качан унутулбай тургандыгын билдирди.

Майрамдык салтанттан соң облус башчысы Нурлан Дарданов облустагы Венгр согушунун ардагерлери Асыранкул Молдасанов менен Макен Арзыматовду барып куттуктап, аларга 20 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды.