20 сентябрь 2025
Кароолор: 8
Бүгүн Талас облусунда массалык түрдө ишембилик өттү

🇰🇬 Бүгүн, 20-сентябрда Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2022-жылы жарыялаган “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жалпы Талас облусунун аймагында массалык ишембилик уюштурулду. Аталган иш-чарага Талас облусу боюнча 5000 адам катышты.
📌 Ишембиликке мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине активдүү катышышты.
📌 Иш-чаранын негизги максаты — аймактагы санитардык абалды жакшыртып, жашоочулардын экологиялык маданиятын өркүндөтүү жана ар бир адамдын тазалыкка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу.
🇰🇬 Бул аракеттер аркылуу айлана-чөйрөбүздүн тазалыгын сактап, жашоого ыңгайлуу жана кооз шарттарды түзүү көздөлөт.
✍️ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүнбасма-сөз кызматы.