08 апрель 2024

Кароолор: 2

Бүгүн облус жетекчиси Нурлан Дарданов окуучулардын Республикалык олимпиадасында байгелүү орунду багындырган Элнура Эркинбекованы кабыл алды.

Белгилеп кетсек 26-29-март күндѳрү Бишкек шаарында окуучулардын Республикалык олимпиадасы болуп ѳткѳн. Ага ѳлкѳ боюнча облустук турларда 1-2-орундарды багындырган окуучулар катышкан. Аталган олимпиадада Талас «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейинин 11-классынын окуучусу Элнура Эркинбекова Англис тили сабагынан 3-орунга татыктуу болгон.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов предметтик олимпиаданын жеңүүчүсү Элнура менен баарлашып, ага ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да терең билим алууга чакырды. Ошондой эле Элнурага жана аны олимпиадага даярдаган мугалими Камиля Аппасовага акчалай сыйлыктарды тапшырды.