22 февраль 2024

Кароолор: 4

Бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү.

Иш чарага облус жетекчиси Нурлан Дарданов, мекеме уюм кызматкерлери, 1992-жылдан 1999-жылдар аралыгында Тажик-Афган чек арасын коргогон ардагерлер, Талас облусундагы мамлекеттик чек ара кызматынын 20-29 аскер бѳлүгүнүн жоокерлери, облустук, райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн кызматкерлери, коомчулук катышты.

Майрамдык салтанатта КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов иш-чаранын катышуучуларын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ѳлкѳбүздү коргоп, анын ѳнүгүшү үчүн салым кошуу ар бир жарандын атуулдук милдети экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал укук коргоо органдарында эмгектенген кызматкерлерге, ардагерлерге бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Иш чарада 1992-1999-жылдарда Тажик-Афган чек арасын коргогон 6 ардагерге ѳкүлчүлүктүн мактоо баракчалары тапшырылды. Майрамдык салтанат Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин кызматкерлеринин жана окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.