05 март 2024

Кароолор: 7

Бүгүн 5-мартта КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнүнѳ карата “Мекеним менден башталат” аттуу облустук Жаштар форуму уюштурулду.

Иш чарага облус жетекчиси Нурлан Дарданов, мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери, райондук жана айыл өкмөттөрүндө иш жүргүзгөн жаштар кеңештеринин ѳкүлдѳрү, ар улуттун диаспораларынын мүчѳлөрү катышты.

Иш чарада КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов жалпы элди Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнү менен куттуктап, улуттук кийимдер - кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, жашоо-турмушун туюндурган кѳркѳм дѳѳлѳт, кѳѳнѳрбѳс кенч экенине токтолду. Ошондой эле ал Таласта биринчи жолу уюштурулуп жаткан Жаштар форумунун демилгечилерине ыраазычылык айтуу менен бирге жаштар ѳлкѳнүн эртеңи экенин билдирип, аларга кең келечек каалады.

Форумда жаш спикерлер, санариптештирүү, жеке ишкердик боюнча ой-пикирлерин ортого салышып, жарыш сөзгө чыккан жаштар коррупцияны азайтуу менен жаңы иш орундарын түзүү маселесин айтышты.

Форум концерттик программа менен коштолуп, Ата Мекенди, ак калпакты, кыргыз жерин даңазалаган ырлар жаңырды.