30 апрель 2024

Кароолор: 4

Бүгүн 30-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн ѳткѳн 1-кварталдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму болуп ѳттү.

Отурумга облус башчысы Нурлан Дарданов, район, шаар жетекчилери, айыл ѳкмѳт башчылары, облустук мекеме-уюмдардын жана ѳкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери катышты.

Отурумда алгач КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушев жыл жаңыргандан тарта ушул күнгѳ чейин аткарылган иштерге токтолуп, облустун социалдык экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Белгилеп кетсек, 2024-жылдын январь айынан тартып Талас облусунда жаңы 9 чакан жана орто ишканалар ачылып, аларда жалпы 108 жаңы жумуш орундары түзүлгѳн. Өткѳн жылга салыштырмалуу облуста дотациянын деңгээли тѳмѳндѳп, ѳткѳн үч айда социалдык-экономикалык ѳнүгүүнүн кѳрсѳткүчтѳрүндѳ ѳсүү темпи байкалган. Үстүбүздѳгү жылдын 1-кварталында облустун ѳнѳр жай тармагында энергетика ишканаларынын продукциясын кошуп алганда 7 миллиард 55 миллион сомдук продукция ѳндүрүлгѳн. Тышкы соода жүгүртүү январь, февраль айларында 4 миллиард 248 миллион сомду түзүп, Талас облусу 40ка жакын ѳлкѳ менен соода алакасын түзгѳн. Жалпы салык тѳлѳмдѳрүн мамлекеттик казынага түшүрүүнүн кѳрсѳткүчтѳрү ашыгы менен аткарылган.

Аппарат жетекчисинин маалыматынан соң бѳлүм башчылар жана мекеме-уюм жетекчилери облустун бир катар тармактарындагы аткарылган иштер боюнча маалымат беришти. Муну менен катар район акимдерине жана Талас шаарынын мэринин орун басарына сѳз берилип, райондордогу жана Талас шаарындагы экологияны коргоо, айлана чѳйрѳнү жашылдандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Отурумда облус жетекчиси Нурлан Дарданов кайсы гана тармакта болбосун коюлган тапшырмаларды аткарууда жергиликтүү жетекчилер ѳздѳрүнѳ жүктѳлгѳн жоопкерчиликти сезип, чечкиндүү аракеттерди колго алуу керектигин эскертти. Ошондой эле ар бир мекеме-уюм жетекчилерине Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, мыйзамдардын аткарылышын , ѳздүк чечимдерди ѳз убагында аткарууга алуу милдеттендирилди. Орун алган кемчиликтер үчүн тартиптик чаралар кѳрүлѳѳрү эскертилди.

Коллегиялык отурумдун соңунда айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тиешелүү чечим кабыл алынды.