26 апрель 2024

Кароолор: 1

Бүгүн 26-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Талас районундагы Ак-Жар, Көк-Кашат, Кара-Суу айылдарына барып, сел алган жерлерди жана селден жабыркаган үйлөрдү көрдү.

Ошондой эле ал селден кийинки ылайга толгон арыктарды тазалоо иштери менен таанышып, жаратылыш кырсыгы кайталанбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүнү облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына милдеттендирди. Муну менен катар селден жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүлөөрүн убадалады.

Белгилеп кетсек, 22-23-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам сел суусу пайда болуп, Талас районундагы аталган айылдарды каптаган. Билдирүү түшөөрү менен Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жерине барып, арыктарды тазалоо, суунун нугун буруу иштерин жүргүзүшкөн.