23 май 2024

Кароолор: 20

Бүгүн 23-майда

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Турция мамлекетинин “Хормони” фирмасынын директору Семих Токсѳздү жана “Айстрой” ЖЧКнын директору, профессор Ахмед Дуран Булганды кабыл алды.

Жолугушууда туризм боюнча эки тараптуу кызматташтык, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн туризм потециалын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Семих Токсѳз жана Ахмед Дуран Булган Талас жергесинин тунук суусу, таза абасы, жалпы жаратылыш табияты суктанаарлык экенин белгилеп, туризмди ѳнүктүрүүгѳ мүмкүнчүлүктѳр кеңири экенин айтып ѳтүштү.

Ал эми облус жетекчиси Нурлан Дарданов, облустагы туризмди ѳнүктүрүүгѳ багытталган сунуштарды ар дайым колдоого алаарын айтып, кызматташууга даяр экендигин билдирди.