22 апрель 2024

Кароолор: 14

Бүгүн 22-апрелде Талас шаардык Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция болуп ѳттү. Аталган иш чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов, КР Финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев, Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, Финансы министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, Талас мамлекеттик университетинин мугалимдери, банктардын, бизнес уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.

Конференцияда финансы системасынын учурдагы ролу, келечектеги ѳнүгүүсү талкууланды. Иш чарада облус жетекчисинин биринчи орун басары Талантбек Эдилов ѳлкѳ аймагындагы финансы тармагынын кызмакерлерин Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, Талас облусунун бакубат ѳнүгүүсүндѳ облустун финансылык-экономикалык абалы айрыкча маанилүү экенин билдирди.