21 февраль 2024

Кароолор: 4

Бүгүн 21-февралда К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында КР Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган "Коопсуз өлкө - туруктуу келечек" аталышындагы форум болуп өттү.

Иш чарага КР Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, район, шаар башчылары, мекеме уюм жетекчилери, ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер жана коомчулук катышты.

Форумда өлкө коопсуздугун чыңдоо, жарандардын укуктарынын корголушун камсыздоо зарылчылыгы жана бул багытта аткарылып жаткан иштер айтылды. Ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу, келечек муунга туура багыт берип, аларды ар кандай терс көрүнүштөргѳ баруусуна бѳгѳт коюу талабы айтылды.

Иш чарага катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов Талас облусунда коопсуздукту алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, тиешелүү органдарга мыйзам бузууларга жол бербѳѳ, жол кырсыктарынын азайышын камсыздоо багытында тынымсыз иш алпаруу талабын койду.

Форумдун соңунда Талас облусунун аймагында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш аракеттердин резалюциясы кабыл алынды.