20 ноябрь 2023

Кароолор: 32

Бүгүн 20-ноябрда Бакай-Ата районунда агро-ѳнѳр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

 Иш чаранын алкагында КРнын Финансы министрлигинин каржылык колдоосу жана Айыл чарба министирлигинин демилгеси менен «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында облус аймагында аткарылган иштер боюнча маалымат айтылды. Ошондой эле, аталган долбоордон колдоо таап, ѳз ишмердигин жүргүзүп жаткан дыйкан-фермерлердин ѳндүргѳн азыктарынын, ѳсүмдүк уруктарынын, дыйкандарга алынып берилген айыл чарба шаймандарынын кѳргѳзмѳсү болду.Иш чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Айыл чарба министрлигине караштуу Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Тѳрѳгул Беков, район акими Алгынбай Имаров, мекеме-уюмдун жетекчилери, жергиликтүү коомчулук катышты.

 Белгилей кетсек, аталган долбоордун негизинде облусубузда кѳптѳгѳн фермерлер асыл тукум мал багуу, айыл чарба жерлерине кам көрүү, малга тоют камдоо жана чакан фермердик чарба түзүү жаатында атайын окутуулардан өтүшүп, гранттык каржылык колдоо алышууда.

Иш чарага катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов, облустагы жалпы агро-ѳнѳр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ѳлкѳдѳ азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы дыйкан-фермерлердин ордун баса белгилеп ѳттү. Ошондой эле ал, айыл чарба тармагын колдоо боюнча тынымсыз аракеттер кѳрүлүп жатканын билдирди.