19 февраль 2024

Кароолор: 1

Бүгүн 19-февралда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүндѳ Талас облусундагы аксакалдар сотунун иш аракетин жакшыртуу жана туура иш алпаруусун камсыздоого багытталган жыйын болуп ѳттү.

Иш чарага облус башчысы Нурлан Дарданов, Талас облустук сотунун тѳрагасы Алмазбек Абдылдаев, район акимдеринин орун басарлары, облус аймагындагы айылдык аксакалдар сотторунун тѳрагалары катышты. Жыйында аксакалдар сотунун иш алпаруу тартиби, алардын жергиликтүү маселени чечүүдѳгү милдеттери жана укуктары боюнча сѳз болду.

Жыйынга катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов аймактардагы жарандар ортосунда келип чыккан, аксакалдар сотунун кароосуна тиешелүү ар кандай пикир келишестиктерди, кѳйгѳйлѳрдү адилеттүү чечүүдѳ аксакалдар сотунун ордун баса белгиледи. Ошондой эле ал кыргыздар илгертен аксакалдардын айтканын угуп, алардын чечимине баш ийип келгенин, элдин кан-жанына сиңген каада-салттын негизинде эгемендүү Кыргызстанда “Аксакалдар соту институту” иштелип чыкканын билдирди.

Жыйынга катышкан аксакалдар сотторунун тѳрагалары ѳз ишмердиктеринде жаралган ар кандай жагдайлар боюнча Талас облустук сотунун тѳрагасы Алмазбек Абдылдаевге суроолорун беришип, жооп алышты.

Эскерте кетсек, Талас облусу боюнча бүгүнкү күндө расмий катталган 38 аксакалдар соту бар. Алар тарабынан 2023-жылы жалпы 186 иш каралган.