19 апрель 2024

Кароолор: 2

Бүгүн 19-апрелде

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов “Ага Хан” фондунун дипломатиялык өкүлү доктор Бархат Фазалды жана аталган фонддун Программалар жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтааф Хашамды кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн аймактык программалардын аткарылышы тууралуу сүйлөшүштү. Облус башчысы “Ага Хан” фонду менен мындан ары да тыгыз мамиледе иштешүү уланарын билдирип, фонддун ѳкүлдѳрүн айрыкча билим берүү тармагына кѳбүрѳѳк кѳңүл бурууга чакырды.