19 апрель 2024

Кароолор: 1

Бүгүн 19-апрелде облус жетекчиси Нурлан Дарданов КР Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбековду кабыл алды.

Жолугушууда КР Президентинин 2024-жылдын 20-мартындага №79- “Кыргыз Республикасынын рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы тууралуу сѳз болду.

Облус башчысы Нурлан Дарданов Талас облусунда Жарлыкты аткаруу боюнча атайын буйрук жана иш чаралар планы иштелип чыккандыгын айтып, бүгүнкү күндѳ бардык тийиштүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле облуста турак жайдын саны 46 818 түзүп, 1-кварталдын жыйынтыгы менен 30 пайыздык план тапшырма 10,4 %га аткарылгандыгына токтолду. Камсыздандыруу маселеси ѳкүлчүлүктүн коллегиясында ар дайым каралып келерин, Президенттин Жарлыгынын аткарылышы кѳзѳмѳлдѳ экенин кошумчалады.