15 февраль 2024

Кароолор: 1

Бүгүн 15-февралда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүгү жана Талас шаардык мэриясы тарабынан Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди.

Иш чарага облус жетекчиси Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, Ооган согушунун ардагерлери, Баткен куралдуу кагылышуусунун катышуучулары, мекеме уюм жетекчилери, коомчулук катышты. Иш чара алгач Талас шаарынын борбордук паркында жайгашкан Ооган согушунун ардагерлерине арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарларды коюу, согушта курман болгондорго багыштап куран окуу менен башталды. Андан соң Атай Огонбаев атындагы Талас шаардык музыкалык мектебинде улантылып, согуштун апааты, андагы кыйынчылык эскерилип, антын бекем сактап, ѳз интернационалдык милдетин аткарган Таластык ардагерлерге куттуктоолор айтылды.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов жалпы Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, каардуу согушта кайраттуулукту, тайманбастыкты кѳрсѳткѳн ардагерлердин эрдиги - келечек муун үчүн үлгү экенин билдирди. Ошондой эле ал жалпы ооганчыларга бекем ден соолук, узак ѳмүр каалады.

Белгилеп кетсек, 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган согушка Кыргызстандан 7141 жоокер аттанып, өзүнүн интернационалдык милдетин аткарып жатып, 300гѳ жакын жоокер баатырларча курман болгон. 1500 жоокер жаракат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми Талас облусунан 350 эр азамат аттанып, 14 жоокер жаракат алып, 41 жоокер кайтыш болгон.

Иш чарада аталган согушта жаракат алып, майып болгон 12 ардагерге 15 000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары бир нече ардагерге ѳкүлчүлүктүн Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Иш чара Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин кызматкерлеринин жана окуучуларынын, ошондой эле Талас шаардык балдарга билим берүү борборунун таланттуу окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.