13 апрель 2024

Кароолор: 2

Бүгүн 13-апрелде

Өлкѳ башчысы тарабынан демилгеленген “Жашыл мурас” улуттук ѳнѳктүгүнүн жана “Бир адамдан бир кѳчѳт” акциясынын алкагында облус аймагы боюнча массалык кѳчѳт олтургузуу иштери жана ишембиликтер уюштурулду. Бул жолку ишембиликте Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун бою тазаланып, жол боюндагы бак-дарактар акталды. Ошондой эле жер-жерлерде Талас токой чарбасында ѳндүрүлгѳн ар кандай бак-дарактардын кѳчѳттѳрү олтургузулду.

Талас районундагы Талас токой чарбасына тиешелүү Ж. Абдрахманов атындагы №7 коругундагы кѳчѳт олтургузуу ишине облус жетекчиси Нурлан Дарданов, КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык кѳзѳмѳлдѳѳ министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимов, Талас облустук ѳзгѳчѳ кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Уларбек Тамабев катышты. Жаратылышты кѳрктѳндүрүүгѳ багытталган кѳчѳт олтургузуу акциясында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн жана Облустук ѳзгѳчѳ кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2 га жерге 430 түп алма кѳчѳттѳрү олтургузулду. Тигилген кѳчѳттѳр ийгиликтүү ѳнсѳ 5 жыл аралыгында түшүм берет.

Экологияны коргоого, айлана-чѳйрѳнү жашылдандырууга багытталган мындай иш чаралар облус аймагында мындан кийин да уантылат. Быйылкы жылы “Бир адамдан бир кѳчѳт” акциясынын алкагында Талас облусу боюнча 350 миң түп кѳчѳт олтургузуу иши пландалган.