12 февраль 2024
Кароолор: 14
Бүгүн 12-февралда Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун бүткүл дүйнөлүк демилгелери уюмунан каржыланып, «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондусу аркылуу Талас облусундагы социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлѳлѳргѳ азык-түлүк түрүндө жардам келди.
Ар биринде 25 кг ун, 5 кг маккарон, күрүч, май, чай жана башка күнүмдүк тамак-ашка керектүү азык-түлүктѳр салынган гуманитардык жардам Талас облусу боюнча 500 үй-бүлѳгѳ таркатылды. Облус боюнча жалпы 12903 аз камсыз үй-бүлѳ бар. Аталган гуманитардык жардам Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан райондук администрациялардан жана шаар мэриясынан алынган тизме боюнча берилди.
Все реакции:
28Бурмагуль Чабдарова, Borkeeva Merim и ещё 26