25 май 2024
Кароолор: 26
Бүгүн

К.Медетбеков атындагы Талас облустук драм театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Талас мамлекеттик университети эл аралык илимий конференция өткөрдү.
“Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү, аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду” аттуу конференцияга “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болотбек Абдрахманов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Олжобай Каратаев катышты.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова куттуктоо сөз сүйлөп алыстан келген конокторго ыраазычылык билдирип, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Талас облусунда 100 иш-чара мерчемделгенин белгилеп, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандардын эмгегин, өмүр жолун жаштарга насыйкаттоо - ар бир кыргыздын мойнундагы ыйык парз экенин айтты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлери тарабынан Талас облусундагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953-ж.ж.) аттуу эскерүү китеби жарыкка чыккан. Бүгүнкү конференцияда китептин бет ачары болду.