16 март 2025
Кароолор: 2
Бишкек шаарында Кыргызстан Кыздар кыймылынын (ККК) улуттук жыйыны уюштурулуп, жыйынга облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

2025-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында Кыргызстан Кыздар кыймылынын (ККК) улуттук жыйыны уюштурулуп, жыйынга облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова катышты. Себеби өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча 2024-жылдын жыйынтыгы менен демилгелүү иштерди уюштуруп, мобилдүү иш жүргүзүүдөгү артыкчылыктары үчүн Талас облусу 2025-жылы пилоттук облус болуп тандалып алынган.
Жыйында Талас районунун М. Козубекова, Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектептериндеги Кыздар Кеӊештеринин жыл ичинде мектеп рекетчилигинин алдын алуу, буллинг, эрте никеге туруу, зомбулуктун алдын алуу боюнча жасалган иштердин тажрыйбасын жайылтуу боюнча талкуу болуп, форум театры аркылуу мектеп рекетчилиги чагылдырылды. Ошондой эле 15-март Аталар күнүнө карата үй-бүлөдөгү атанын орду, ата менен кыздын мамилеси, атанын кыздын жашоосуна, анын келечегине тийгизген таасири тууралуу пикир алмашуу кызуу жүрүп, Кыргызстандын жети облусунан келген кыздар, мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери ойлорун ортого салышты.
2024-жылы Кыргызстандагы Кыздар Кыймылы жарыяланган кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, Айтматов районунун Б. Шамуратбеков орто мектебинин окуучусу мобилдүү кино тартуу боюнча байгелүү орунду багындырып 20 000 сом менен сыйланды. Ал эми жалпы жыйынтыкта жакшы көрсөткүч үчүн М. Козубекова орто мектебинин Кыздар Кеӊеши 2-орунду ээлеп, 80 000 сом менен сыйланды.