22 март 2025

Кароолор: 7

Беш-Таш айыл аймагынын Арашан айылында 300 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды.

Бүгүн, 22-мартта Беш-Таш айыл аймагынын Арашан айылында 300 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды.

Жаңы мектеп "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүк колдоосу менен курулат.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана фонддун өкүлдөрү катышты.