12 май 2025

Кароолор: 2

Банк кызматкерлери кесиптик майрамында Ардак грамоталар менен сыйланышты

2025-жылдын 10-майында Улуттук валютанын кабыл алынган күнү жана банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ушул маанилүү датага карата Талас облусундагы бир катар мыкты банк кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Бул сыйлык алардын банк тармагындагы үзүрлүү эмгегин, кардарлар менен иштөөдөгү кесипкөйлүгүн жана өлкөнүн финансылык тутумунун өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу менен ыйгарылды.

Майрамдык иш-чара жүрүшүндө куттуктоолор айтылып, банк кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди