18 апрель 2025
Кароолор: 2
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын Талас облусуна болгон иш сапары

2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Талас облусуна иш сапары менен барып, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү.
Талас шаарындагы Р. Рысакова атындагы №2 мектепте өткөн жолугушууга Талас облусунун башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу да катышты. Жолугушууда окуучуларга эмгек укугу жана балдардын эмгегине байланыштуу өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, эмгек укуктары тууралуу презентация уюштурулду. Жолугушуунун соңунда балдар арасында Kahoot! оюн формасында викторина өткөрүлүп, эң көп упай топтогон окуучулар белектерге ээ болушту.
Иш сапарынын алкагында Асель Чынбаева “Аутизмди жеңебиз” борборуна да барды. Борборду Урмат Алымкулов жана жубайы Самара Жоробекова Бишкектеги ийгиликтүү моделдин негизинде ачышкан. Азыркы учурда борбордо 40 бала тарбияланууда. Талас облусунда жалпы 1750 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталганын белгилеп кетүү маанилүү.
Бул иш сапар балдар укугун коргоо жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн шарттарды жакшыртуу жаатында маанилүү кадам болду. Асель Чынбаеванын иш сапары өлкө боюнча балдар укуктарын коргоо иши үчүн дагы бир маанилүү адым болду.