13 январь 2025
Кароолор: 6
БАЛ-БАЛ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ ФАП АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 13-январда КРдин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Талас районунун ЖДПБга караштуу Бал-Бал айылындагы №5 Жергетал ҮДТнын жаңы фельдшердик-акушердик пункту ачылып пайдаланууга берилди.
“Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен салынган жаңы ФАПтын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Мураталиев, Гүлкан Молдобекова, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургандары катышышты.
Элеттиктерге жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү максатында ачылган жаңы ФАП заманбап шартта салынып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Айыл өкмөт тарабынан жер тилкесин даярдоо, тегерегин тосуу, таманташ төшөө, электр тогун тартуу ж.б. жумуштар жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен облус аймагында бир катар социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилип келет.