12 ноябрь 2025
Кароолор: 4
Бактыбек Нарчаев Талас ОИИБдин башчысы болду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык милициянын полковниги Нарчаев Бактыбек Нарбаевич Талас ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
Бүгүн 12-ноябрда ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жаңы дайындалган башчыны өздүк курамга тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле өздүк курамды шайлоонун үгүт иштерине аралашпоону жана коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болууну эскертип, кызматтык милдеттерин так аткарууга чакырды.
Бактыбек Нарчаев ички иштер органдарында 1993-жылдан бери кызмат өтөп, ыкчам кызматтарда иштеген. Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеген.
Белгилей кетсек Талас ОИИБдин мурдагы башчысы Азенбек Козукеев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.