16 август 2024
Кароолор: 9
БАКАЙ-АТАДА КЫЯН АЛГАН ЖОЛ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

2024-жылдын 18-19-июль күндөрү катуу жааган жамгырдан Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жана Үрмарал өзөндөрүнө кетүүчү жолдорду кыян алып, зыян келтирген. №47 Жол Тейлөө ишканасы Бакай-Ата, Акназаров, Биримдик айыл өкмөттөрү менен биргеликте алгач Кара-Коюн өзөнүнө баруучу жол оңдолуп калыбына келтирилген. Үрмарал суусунун көлөмү чоң болгондуктан кыян баскан жол участокторун калыбына келтирүү иштери суунун көлөмү азайгандан кийин жүргүзүлдү. Ал үчүн Алтын Альянс фондунан 150 миң сом каражат бөлүнүп, №47 Жол Тейлөө ишканасынын, райондук суу чарба башкармалыгынын, Акназаров, Биримдик, Бакай-Ата айыл өкмөттөрүнүн ыкчам аракеттери менен аталган жол участогу калыбына келтирилди.
Белгилей кетсек, 18-19-июль күндөрү катуу жааган жамгырдан Кара-Коюн жана Үрмарал өзөндөрүнө кетүүчү жолдорду кыян алып, аркы өйүздө 20 чакты автоунаа калып кеткен. Азыркы тапта жергиликтүү жашоочулар жана эс алуучулар үчүн жол каттамы ачылып колдонууга берилди.