18 март 2025

Кароолор: 4

Бакай-Ата районунун Биримдик айыл аймагында ири өрт кырсыгы катталды.

2025-жылдын 18-мартында Бакай-Ата районунун Биримдик айыл аймагында ири өрт кырсыгы катталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев дароо тилсиз жоо катталган аймакты ордунан көрүп, окуянын чоо-жайы менен таанышты.

Натыйжада облус башчысынын жетекчилиги алдында чукул кеңешме өткөрүлүп, тийиштүү кызматтарга өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, өрт чектөөгө алынып, өрт кырсыгын болтурбоо максатында тийиштүү кызматтардан күзөт уюштурулду. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш аракеттер жүрүүдө.