19 март 2025
Кароолор: 4
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашкан Герцен атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү сүрөтчү Теодор Герценди эскерүү иш-чарасы өттү.

Бүгүн, 19-мартта Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашкан Герцен атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү сүрөтчү Теодор Герценди эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага улуу сүрөтчүнүн замандаштары, Бакай-Ата райондук аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, Талас облусундагы диаспора өкүлдөрү катышты.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова ата-бала Герцендердин эмгегинин арты менен ушул музей түптөлгөнүн, Теодор Герцен 90 жылдыгына карата КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте кароо-сынактарды, сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүү боюнча иш-чаралар мерчемделгенин айтты. Өз сөзүндө эл арасындагы сүрөтчүнүн эмгектерин жыйнап, музейдин фондун толуктоо ар бирибиздин милдетибиз экенин белгиледи.
Эскерүү кечесинде Бакай-Ата райондук аксакалдар кеңешинин жетекчиси Мурат Жунусов, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Таластагы координатору Бакыт Арыкбаев, Талас облусундагы немец диаспорасынын жетекчиси Анна Майзер Герцендердин үй-бүлөсү, алардын эл үчүн жасаган эмгектерине токтолуп өтүштү.
Ак-Дөбө айылындагы Герцен атындагы музей ХХ кылымдын 1930-жылдары түптөлүп, азыркы учурга чейин иштеп келет. Бул музей Кыргызстанда көркөм сүрөт музейинен кийинки эле орунда турат. Музейде Теодар Герцендин өндүрүштүк интерьердеги монументалдык живопистери, айылдык адамдардын портреттери, Талас жергесинин кооз табиятын чагылдырган пейжаздары, өзгөчө жанрдагы мозаикалары, линогравюра-сүрөттөрү сакталып турат.
Теодор Герцен “Манас” эпосун иллюстрациялоого сегиз жылдан ашуун эмгектенип, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча чыгарылган 4 томдукка сүрөттөрдүн сериясын 200дөн ашык жанрдык жана портреттик гравюраларды тарткан.