15 апрель 2025
Кароолор: 2
Бакай-Ата районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата бакчага көчөттөр отургузулду

Бүгүн, Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында Улуу Жеңишке арналган бакчага арча жана кайың көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага “Российская газета” басылмасынын Бишкектеги кабарчысы, белгилүү журналист Дмитрий Владимиров жана Талас облусунун башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова катышты. Алар жергиликтүү тургундар менен биргеликте арча көчөттөрүн отургузушту.
Бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулуп, облустун бардык аймактарында монументтерди, эстеликтерди жана алардын айланасын иретке келтирүү, жашылдандыруу иштери кеңири жүрүп жатат.
Талас облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 18 миңден ашуун жоокер аттанган. Алардын ичинен 5 жоокерге "Советтер Союзунун Баатыры" деген жогорку наам ыйгарылган, ошондой эле бир жоокер "Даңк" орденинин толук кавалери болгон.
Советтер Союзунун Баатырлары катары биздин облустун тарыхында терең из калтырган каармандар:
Чолпонбай Түлөбердиев
Асанбек Оторбаев
Сухин
Петришев
Роденко Константин Герасимович
Бул иш-чаралар муундар арасындагы байланышты бекемдөөгө, ата-бабалардын эрдигин урматтоо жана алардын эрдигин түбөлүк даңазалоого багытталган.