24 январь 2025

Кароолор: 6

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТ БАЗАСЫН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА ТАЛАСТА ПИЛОТТУК ПРОГРАММА ИШКЕ АШАТ

 

24-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кичи жыйын залында  турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү  Автоматташтырылган маалымат системасында маалымат базасын түзүп колдонуу боюнча семинар уюштурулду.

Семинарды өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова ачып, Автоматташтырылган маалымат системасында маалымат базасын түзүү, колдонуу учур талабы экенин белгилеп, семинар катышуучуларын окуткан  КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эксперти  Шабдан Кайыпов, “Балачак институту” коомдук фондусунун  кызматкери Айнура Алиевага ыраазычылык билдирди.

Семинарга райондук мамлекеттик администрацияларынын социалдык бөлүмдөрүнүн башкы адистери, балдар иштери боюнча шаардык-райондук комиссияларынын катчылары, социалдык өнүгүү жана миграция бөлүмдөрүнүн үй-бүлөнү колдоо жана баланы коргоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен иш алып барган  адистери катышты.

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 22-мартындагы №156 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде, турмушта оор абалда жашаган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган система түзүү жана чогулган маалыматтар базасын колдонуу зарылчылыгы жаралууда. Токтомду жүзөгө ашыруу максатында КР Президентинин “Балачак институту” коомдук фондусу тарабынан “Кыргызстандын Талас облусундагы таштап кеткен жана бөлүнгөн балдарга кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү  долбоору иштелип чыгып, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен өнөктөштүктө долбоор Европа Биримдигинин BOMKA 10 гранттык схемасы боюнча каржыланууда.

Долбоорго Талас облусунун балдар боюнча райондук комиссияларынын  мүчөлөрү  жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдарынын кызматкерлери тартылган.