14 апрель 2025
Кароолор: 23
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешовичтин №236 Тескемесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Асылбеков Нургазы Чолпонкулович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жаӊыдан дайындалган облус башчысынын биринчи орун басары Асылбеков Нургазы Чолпонкуловичти район акимдерине, шаар мэрине, облустук мекеме жетекчилерине жана КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович буга чейин Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.