01 май 2025

Кароолор: 2

Арзыкан Момунтаеванын чыгармачылык кечеси жана жаңы ыр жыйнактарынын бет ачары Таласта өттү

К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында акын Арзыкан Момунтаеванын чыгармачылык кечеси жана "Онтобо Мекен", "Сүйө албай койдум башканы" аттуу ыр жыйнактарынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага маданият өкүлдөрү, окурмандар жана акындын чыгармачылыгын баалаган адамдар катышып, ырлар окулуп, обондуу чыгармалар аткарылды. Кече поэзияны, мекенчилдикти жана сүйүүнү даңазалаган маанилүү маданий саамалык катары өттү.