28 ноябрь 2023
Кароолор: 26
АМАНБАЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАӉЫ ЗАМАНБАП ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн 28-ноябрда Айтматов районунун Аманбаев айылында айыл ѳкмѳтүнүн эки кабаттуу заманбап кеңсесинин ачылыш аземи болду. Салтанаттуу иш чарага КР Жогорку Кеңешинин тѳрагасы Нурланбек Шакиев, КРнын Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, мамлекеттик жана коомдук ишмер Өмүрбек Бабанов, район акимдери, мекеме уюм кызматкерлери жана жергиликтүү коомчулук катышты.
Кѳрктүү заманбап имараттын курулушуна Өмүрбек Бабанов каржылык колдоосун кѳрсѳткѳн. Заманбап шартта курулган имаратта айыл ѳкмѳт кеңсеси, калкты тейлѳѳ борбору, айыл тарыхын камтыган музей жана жыйындар залы жайгаштырылган.
Жаңы имараттын ачылыш салтанатына катышкан тѳрага Нурланбек Шакиев, айыл ѳкмѳтүнѳ 300 миң сомдук сертификатты тапшырды. Өз сѳзүндѳ Нурланбек Шакиев ѳлкѳнүн ѳнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан жасалып жаткан чечкиндүү иштерди колдоого алып, айыл эли үчүн зор жардамын кѳрсѳткѳн Өмүрбек Бабановго ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Камчыбек Ташиев мыйзам үстѳмдүгү орногон ѳлкѳдѳ ѳнүгүү болоорун белгилеп, коомдук ишмер Өмүрбек Бабановдун ѳлкѳнүн ѳнүгүүсү, элдин жашоосун жакшыртууда 1 млрд сомдон ашык жардам бергенин белгилеп ѳттү. Мындан сырткары Камчыбек Ташиев келечекте Аманбаев айыл ѳкмѳтүнѳ бала бакча куруу иштерине колдоо кѳрсѳтѳѳрүн билдирди.