25 октябрь 2024
Кароолор: 5
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАҢЫ ЭКСКАВАТОР АЛЫНДЫ

Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл аймагына Түштүк Корея Республикасынан чыгарылган “HYUNDAI” үлгүсүндөгү жаңы экскаватор алынды.
7 айылдан турган аталган аймакта буга чейин ирригация тармагын жакшыртуу үчүн бир топ көйгөйлөр жаралып келген. Мындай маселени жоюу максатында жалпы наркы 14 400 000 сомду түзгөн долбоор Талас облусун өнүктүрүү фондуна сунушталган. Жыйынтыгында байкоочу кеңештин чечими менен долбоор жактырылып, өнүктүрүү фонд тарабынан 12 400 000 сом, өздүк салым катары Акназаров айыл өкмөтүнөн 2 000 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Бүгүн, 25-октябрда аталган техника Акназаров айыл өкмөтүнө ийгиликтүү тапшырылды.