20 март 2025

Кароолор: 7

Ак-Дөбө айылындагы К. Байтереков атындагы заманбап спорт комплекси салтанаттуу ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн онлайн режимде Ак-Дөбө айылындагы К. Байтереков атындагы заманбап спорт комплекси салтанаттуу ачылды. Аны менен катар бир учурда республика боюнча 13 социалдык объект ачылып, пайдаланууга берилди.