01 март 2024

Кароолор: 5

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЖАӉЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн 1-мартта Айтматов районунун Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн Ак-Жар айылында Ашым Калыбаев атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болуп ѳттү. Иш чарага КР Юстиция министри Аяз Баетов, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын башчысы Мырзабек Жапаркулов, Айтматов районунун акими Бектур Сагымбаев, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Бакыт Умарбеков, мекеме уюм жетекчилери жана коомчулук катышты.

225 орундуу мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен жалпы 78млн 595миң сом сарпталган. Эки кабаттуу жаңы мектепте окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн заманбап бардык шарттар каралган.

Мектептин ачылышына катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов жергиликтүү элди жаңы билим ордосунун ачылышы менен куттуктап, окуучуларды терең билим алууга чакырды.