20 ноябрь 2023

Кароолор: 30

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ИШКЕ БЕРИЛДИ

  Бүгүн 20-ноябрда Айтматов районунун Бейшеке айыл ѳкмѳтүндѳ жаңы курулган «Эркеле» бала бакчасынын ачылыш аземи болду. Салтанаттуу иш чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, район акими Бектур Сагымбаев, мекеме-уюм жетекчилери жана жергиликтүү айыл эли катышты. Аталган бала бакчанын курулушу 2021-жылы башталган. Курулуш иштерине жалпы 14 млн 931 миң сом акча каражаты сарпталган. 50 орундуу бала бакчада балдардын тарбиялануусуна бардык шарттар каралган.

  Иш чарага катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов айыл элин куттуктап, жаңы ачылган бала бакчанын ишмердигине ийгиликтерди каалады.