05 февраль 2025

Кароолор: 4

"УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК"

"УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК"

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгын жайылтуу боюнча жыйын болуп өттү.

Ага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Кыргызстан Ассамблеясынын Талас облусундагы координатору Бакыт Арыкбаев, облустук аксакалдар кенешинин төрагасынын орун басары Мызабек Эшалиев жана айыл өкмөт башчылары, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, Аксакалдар жана Аялдар кеңештеринин мүчөлөрү катышты.

Жарлык Кыргыз элинин тарыхый мурасын, улуттук баалуулуктарын жана маданий нарктарын мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги таянычы катары бекемдөөгө багытталган. Улуттук идеологияны чыңдоо коомдук ынтымакты бекемдөөгө, өлкөнүн экономикалык, маданий, илимий жана социалдык өнүгүүсүнө түрткү берүүгө көмөктөшөт.

Эгемендүүлүк жылдарында өлкө бир катар кыйынчылыктарга туш болуп, улуттук наркка жана руханий өнүгүүгө жетиштүү көңүл бурулбай келген. Бул идеологияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасын күчтүү, өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айлантуунун негизги жолдорунун бири болуп эсептелет.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарына төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

✅ Аймактык өнүгүү программаларын иштеп чыгып, ишке ашырууда ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен стратегияларды түзүү.

✅ Улуттук баалуулуктарга жана маданий нарктарга негизделген экономикалык жана социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу

✅ Этномаданий мурастарды даңазалаган иш-чараларды уюштуруу жана туризмди өнүктүрүү

✅ Жергиликтүү коомчулукту улуттук биримдикти чыңдоого жана аймактык өнүгүүгө жигердүү тартуу менен жарандык активдүүлүктү жогорулатуу.