03 май 2025

Кароолор: 4

"Таласта Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Бул жерде таң мемирейт» спектакли көрсөтүлдү

3-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Бул жерде таң мемирейт” аттуу спектакли коюлду.

Спектаклдин режиссеру Анна Шмырина Ч.Айтматов атындагы орус драм театрында иштеп, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин драм ийримин жетектейт.

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова таланттуу студенттерге, Анна Шмыринага, КР эмгек сиңирген артисти Галина Кетовага “Ыраазычылык кат” жана белектерди тапшырып, ыраазычылык билдирди.