06 май 2025

Кароолор: 4

"Таласта орто мектептер арасында Улуу Жеңишке арналган «Жеңиш ыры» кароо-сынагы өттү

Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен Талас шаарындагы Э. Кутманалиев атындагы стадиондо орто мектептердин жана атайын орто окуу жайларынын ортосунда “Жеңиш ыры” облустук кароо-сынагы болуп өттү.

Жыйынтыгында Талас шаарындагы Р. Рысакова атындагы №2 мектеп 1-орунду ээледи. 2-орунду Э. Айылчиев атындагы №7 мектеп алды. 3-орунга Айтматов районунан келген М.Орозбеков орто мектебинин командасы татыктуу болду.

Жеңишке жетишкен командаларды облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова, согуштун куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Нурдин Кожобеков, төраганын орун басары Таалайбек Мукамбетов сыйлап, “Ыраазычылык каттарды” жана баалуу белектерди тапшырышты.

Медициналык колледждин кыздар командасы, Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин жана Бакай-Ата районунун Эшим Капалов орто мектебинин командалары кызыктыруучу сыйлык жана белектерди алышты.