30 сентябрь 2024

Кароолор: 9

"АСМАН АБА ЖОЛДОРУНУН" УЧАГЫ ТАЛАСКА АЛГАЧКЫ КАТТАМЫН ИЙГИЛИКТҮҮ БАШТАДЫ

Бүгүн, 30-сентябрда Талас аймактык аэропортуна Dash 8 Q-400 үлгүсүндөгү учак алгачкы каттамын ийгиликтүү баштады. Алгачкы каттам менен 50 жүргүнчү учуп келди.

Белгилей кетсек, жаңы сатылып алынган Канаданын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү 2 миң километрге чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.

Буга чейин ички каттамдарга алдын ала даярдык көрүү үчүн аэродромдун учак кабыл алуу даярдыгы, аэробекеттин тейлөө кызматтары ж.б. зарыл болгон бардык кызматтар боюнча жалпы техникалык даярдык текшерилген.