04 март 2024

Кароолор: 5

8-МАРТ АЯЛЗАТЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан 8-март айымдардын Эл аралык күнүнѳ карата К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында майрамдык иш чара ѳткѳрүлдү. Иш чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана башка мамлекеттик мекеме уюмдарда эмгектенген, ошондой эле ардактуу эс алууга чыккан айымдар катышы. 

Майрамдык салтанатта облус жетекчиси Нурлан Дарданов жалпы аялзатын майрамы менен куттуктап, алардын жашоодогу баа жеткис ордун баса белгилѳѳ менен үйдүн куту болгон айымдарга чың ден соолук, узун ѳмүр, үй-бүлѳлүк бакыт каалады.

8-мартты утурлай уюштурулган иш чарада мамлекеттик мекеме уюмдарда үзүрлүү эмгектенген бир катар айымдарга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов Талас облусунун социалдык экномикалык ѳнүгүүсүнѳ салым кошкон айымдарга КР Жогорку Кеңешинин Айым депутаттар форумунун Ардак грамоталарын тапшырды.Ошондой эле, иш чаранын катышуучуларына К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.