07 май 2025
Кароолор: 3
7-май күнү Талас облусунда Жеңиш күнүнө карата уюштурулган автожүрүш болуп өттү.

Талас шаарынан башталган автожүрүш Талас районундагы Чат-Базар айылындагы Асанбек Оторбаевдин айкелине, Бакай-Атададагы Ак-Дөбө айылындагы Жеңиш паркына, Айтматов районундагы Чолпонбай Түлөбердиевдин мезейине жана Манас районундагы мемориалдык паркка чейин созулду.
Автожүрүшкө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, республикалык согуштун куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Нурдин Кожобеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү – акимдердин орун басарлары, Талас облусундагы Баткен, Тажик-Ооган согушунун ветерандары, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Талас облусундагы координатору Бакыт Арыкбаев, райондук, шаардык маданият бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар катышты.
Автожүрүш Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү менен жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.