06 май 2024

Кароолор: 2

6-майда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүндѳ

КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Кыргыз почтасы" ААК тарабынан окуучулар арасында уюштурулган эпистолярдык жанр боюнча кат жазуу сынагынын жеңүүчүлѳрү сыйланды. Белгилеп кетсек, аталган сынак жыл сайын Бүткүл дүйнѳлүк почта уюмунун демилгеси менен 15 жышка чейинки окуучулар арасында уюштурулуп келет. Бул жылы окуучулар келечек муунга мурас катары кала турган улуттук баалуулуктар жѳнүндѳ дилбаяндарын жазышкан. Облустук ѳкүлчүлүктѳ ѳткѳн окуучуларды сыйлоо аземине Бакай-Ата, Талас райондорунан жана Талас шаарынан катышып, жазган каттары мыкты деп табылган 28 окуучу чакырылган.

Иш чарага катышкан облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова окуучуларды татыктуу билим алууга жана мектептеги уюштурулган сынактарга, иш-чараларга активдүү катышууга чакыруу менен бирге, аларга кең келечек каалады.