31 август 2024

Кароолор: 14

31-августта Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанат болуп өттү.

Бүгүн, 31-августта Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанат болуп өттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, Талас шаарынын мэри Б. Астанакулов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы К. Джаныбеков жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Майрамдык салтанатта ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Талант Эдилов өз куттуктоо сөзүндө өлкө башчы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөбүздүн анын ичинде Талас облусунда ар тараптуу өнүгүүлөр болуп жатканына токтолуп өттү. Ошондой эле ар бир кыргызстандык үчүн эгемендүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чара Талас райондук, шаардык маданият бөлүмдөрү, Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектеби, К. Медетбеков атындагы Талас облустук драм театры тарабынан даярдалган майрамдык фольклордук, эстрадалык концерт менен коштолду.