03 март 2025
Кароолор: 4
3-мартта К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Мамлекеттик Туу күнү менен биргеликте Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди

Бүгүн 3-мартта К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Мамлекеттик Туу күнү менен биргеликте Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп, ага мекеме-уюмдардын жетекчилери, Аксакалдар кеңештери, жергиликтүү аялдар жана жаштар комитеттери, мугалимдер жана студенттер катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев куттуктоо сөзүндө элибиздин кырмызы кызыл туусу ар бир кыргыз жараны үчүн мамлекеттик ыйык эн белги болсо, ак калпагыбыз улуттук баалуулук, ата-бабалардан калган таберик мурас экенин айтып, мекенибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз атуулунун салым кошуусу керектигин баса белгиледи.
Майрамдык иш-чара К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын алдындагы оркестрдин коштоосунда мекен ырлары менен уланды. Буга кошумча жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду.