28 февраль 2025

Кароолор: 5

28-февралда Талас облусунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча Координациялык кеӊешме болуп өттү.

28-февралда Талас облусунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча Координациялык кеӊешме болуп өттү. Ага күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен катар шаар мэри, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер катышты.

Координациялык кеӊешменин күн тартибине орчундуу делген 6 маселе кароого коюлуп, баяндамалар жасалды. Буга кошумча коомдук тартипти сактоо, жеке адамдардын коопсуздугун коргоо, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыздоо, боюнча бир катар маселелер талкууланды.